Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди

Бүгүн, 31-августта Нарын шаарынын борбордук Т.Усубалиев атындагы аянтында Кыргыз Республикасынын Көз карансыздыгынын 25 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Майрамдык салтанатты Нарын шаарынын мэри Р.Адиев ачып, шаар тургундарын жана меймандарын мамлекеттик майрам менен куттуктап, өлкɵбүздүн экономикасы  өнүгүп-өсүп, жарандары көбөйүп, жаркын келечектүү мамлекетке айланаарына тилектештигин билдирди.

Куттуктоо сөздөрүн КР транспорт жана жол министри З.Айдаров, КРѲ Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыповдор сүйлөшүп, теңиртоолуктарды майрамы менен кызуу куттукташты.

Жетекчилердин куттуктоосунан кийин аскердик парад көрсөтүлүп, мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен турган 12 блок кезек кезеги менен демонстрациядан өтүштү.

Ага улай Нарын району тарабынан  Кыргыз көчү жана кыз-жигит  “Сармерден” айтышы тартууланды.Ошол эле учурда шаардын борбордук стадионунда спорттун чоюн көтөрүү, волейбол, футбол, аркан тартыш, ордо оюндары боюнча мелдештер өткөрүлдү. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен майрамдык иш-чараны уюштуруп, өткөрүү үчүн 155 миң сом акча каражаты жумшалды.

Добавить комментарий