НАРЫН ШААРЫНЫН БАТЫШ ЧѲЛКѲМҮНѲ ЗАМАНБАП ТҮНКҮ ЖАРЫК БЕРИЛЕ БАШТАДЫ.

Нарын шаарынын Ак-Коргон, Тɵш-Булак аймактарына электр энергиясына үнɵмдүү жана жарык берүү эффективдүүлүгү жогору 49 даана заманбап түнкү чырактар түркүктɵрү менен орнотулуп, июль айынын аягы менен жарык бериле баштады.

Бүткɵрүлгɵн ишке Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата ɵткɵрүлгɵн «Шаарыбыз баарыбызга» аттуу марафондо чогулган каражаттан 540 миӊ сом жумшалды. Бул марафондун эсебинен бүткɵрүлүүчү жумуштардын алгачкысы болду.

Белгилеп кетүүчү жагдай, 540 миӊ сомго курулуш материалдары гана сатылып алынып, ал эми түркүктɵрдү жасоо, ширетүү, орнотуу жана башка болгон жумуштары «Таза Нарын» ишканасынын жумушчулары тарабынан акысыз жасалды. Мунун негизинде 686 миӊ сом үнɵмдɵлдү.

Маалымат үчүн айта кетсек жаз алды менен «Таза Нарын» ишканасынын алдында ширетүү цехи ишке кирип, үч адам жумуш орду менен камсыз болгон. Шаарды түнкү жарык менен камсыздоодогу негизги жумуштар ушул цехтин жумушчуларынын аракети менен бүткɵрүлүүдɵ.

Буга чейин заманбап түнкү жарыктар Московский аймагына коюлган. Эми шаардын РТС аймагын ушундай эле түнкү чырактар менен камсыздоо иши башталмакчы.

Добавить комментарий