НАРЫН ШААРЫ «МЫКТЫ МУНИЦИПАЛДЫК ТАЖРЫЙБАЛАР» БОЮНЧА ЖЕӉҮҮЧҮ ДЕП ТАБЫЛДЫ.

11-12-апрель күндɵрү Бишкек шаарында ɵткɵрүлгɵн Мыкты муниципалдык тажрыйбалардын V Эл аралык форумуна Нарын шаары да активдүү катышып, «Муниципалдык билим берүүдɵгү санариптик технологиялар жана инновациялар» номинациясы боюнча жеӊүүчү деп табылды.

Аталган Эл аралык форум Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруулар Союзунун, Россия шаарлар Союзунун, Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнɵ караштуу жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин биргелешкен аракети жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн колдоосу менен уюштурулду.

Нарын шаарынын мэри, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруулар Союзунун башкармалыгынын башчысы Эмилбек Алымкулов билдиргендей, Россия шаарлар Союзу демилгелеген бул форум буга чейин 4 жолу Россияда ɵткɵрүлгɵн. Россия шаарлар Союзунун Президенти Станислав Мошаровдун сунушу менен  V Эл аралык форумду Кыргызстанда ɵткɵрүү пландалып, Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн колдоосу менен ɵткɵн жылдын декабрь айынан бери даярдык кɵрүлүп жаткан.

Форумга  Кыргызстандан, Россиядан жана Америка, Түштүк Корея, Финляндия, Турция, Албания, Кытай, Германия, Кипр сыяктуу жакынкы жана алыскы 11 чет мамлекеттен шаарлар ассоциацияларынын башчыларынан, шаар мэрлеринен турган 150дɵн ашык ɵкүл катышып, 4 багыт боюнча муниципалдык мыкты тажрыйбаларын презентациялашты. Жыйынтыгында эӊ мыкты тажрыйбалар үчүн сыйлыктар тапшырылып, аларды жайылтуу колго алынаары белгиленди. Катышуучуларга форумдун биринчи этабынан берки мыкты тажрыйбалардын үлгүлɵрү камтылган жыйнактар таратылып берилди.

Нарын шаарынан «Нарын шаарында биргелешкен пландоону күчɵтүү үчүн ГИС (геоинформациялык системалар) технологиясын колдонуу» тажрыйбасы «Таза Нарын» ишканасынын жетекчиси Алмаз Суранов тарабынан презентацияланды.

Белгилей кетсек, калкка муниципалдык кызмат кɵрсɵтүүнү жакшыртуу максатындагы ГИС долбоору Нарын шаарында Ага Хан ɵнүктүрүү фондунун колдоосу менен бир нече жылдан бери тажрыйбаланып, «Таза Нарын» жана Нарын суу канал ишканалары ушул электрондук система менен иш жүргүзүп келет.

СМС билдирүүлɵрдүн жана калыстар тобунун жыйынтык пикири менен Кыргызстандан Бишкек, Нарын жана Ош шаарларынын муниципалдык тажрыйбалары мыкты деп табылып, жеӊүүчү шаарларга форумдун символикалык сыйлыгы, дипломдору ыйгарылды.

Ошондой эле Нарын шаарынын мэри,  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ɵз алдынча башкарууларынын Союзунун башкармалыгынын башчысы Эмилбек Алымкуловго уюштуруу иштерине активдүү катышкандыгы үчүн Россия шаарлар Союзунун Ыраазылык каты тапшырылды.

Мындан сырткары форумга катышкан шаарлар ортосунда ɵз ара достук байланыштарын арттырууга шарт түзүлүп, Нарын шаары менен Челябинск шаарынын мэрлери кызматташуу келишимине кол коюшту.

Ушундай эле алакалашуу келишими Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ɵз алдынча башкарууларынын Союзу менен Россия шаарлар Союзунун жетекчилери Эмилбек Алымкулов менен Станислав Мошаровдун  жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруулар Союзунун башчысы Эмилбек Алымкулов менен Дүйнɵдɵгү ири шаарлар Союзунун башчысы, Уфа шаарынын мэри Ирек Ялаловдун кол коюшуусунда түзүлдү.

Бишкек шаарындагы президенттик резиденцияда жогорку деӊгээлде ɵткɵрүлгɵн эл аралык форумга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев жана бир катар ɵкмɵт мүчɵлɵрү, депутаттар катышты.

-Форумда бизге пайдалуу абдан кɵп тажрыйбаларды алдык. Ош шаарында жашылдандыруу иши мыкты экен. Алар менен макулдашып, «Таза Нарын» ишканасынын кызматкерлерин тажрыйба алмашуу үчүн Ошко алып барып келели деп атабыз. Ош шаарынын мэри 5 миӊ түп ар түрдүү гүлдɵрдүн кɵчɵттɵрүн берээрин убада кылды. Кызыл Кыя шаарында да аз камсыз үй-бүлɵлɵрдү колдоо боюнча жакшы тажрыйба бар экен,-дейт шаар мэри Э. Алымкулов.

Ошондой эле ал Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруулар Союзунун башкармалыгынын башчысы катары Кыргызстандын айыл ɵкмɵттɵрүнүн ортосунда да ушундай тажрыйба алмашуу иш чараларын ɵткɵрүүнү пландаштырып жатканын, буюрса май айынын ичинде ишке ашаарын билдирди.

Маалымат үчүн айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруулар Союзу 2010-жылы Кыргыз Республикасынын шаарлар ассоциациясы менен Кыргыз Республикасынын Муниципалитеттер ассоциациясын бириктирүү чечиминин негизинде түзүлгɵн.

Ѳлкɵдɵгү 31 шаардык мэрия жана 453 айыл ɵкмɵтү Союздун мүчɵлɵрү болуп саналат.

Союздун башкармалыгы 9 адамдан турат. Алар ар бир облустун жана Бишкек, Ош шаарларынын ɵкүлдɵрү. Башкармалыктын башчысы болуп 2017-жылдын июнь айында Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов дайындалган. Булар коомдук башталышта иш алып барат. Мындан сырткары башкармалыктын 5 кызматкерден турган аткаруу органы бар.

Союздун негизги милдети Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын уюштуруучулук-укуктук формаларын жана финансы экономикалык ɵз алдынчалуулугун ɵркүндɵтүүгɵ кɵмɵктɵшүү болуп саналат.

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий