РОССИЯ-КЫРГЫЗ ӨНҮГҮҮ ФОНДУ ИШКЕРЛЕР ҮЧҮН КУРСТАРДЫ ӨТКӨРӨТ

Урматтуу Нарын шаарынын ишкерлери!

2019-жылдын 20-22-августунда Нарын шаарындагы Жаштар сарайында саат 9.00дөн 18.00гө чейин Россия-Кыргыз өнүгүү фонду тарабынан өткөрүлүүчү 3 күндүк консультациялык курстарга катышууга чакырабыз. Себеби курска катышкан гана долбоорлор аталган фонд тарабынан каржыланат.

Белгилей кетсек, Россия-Кыргыз өнүгүү фонду региондорду өнүктүрүү иш чараларынын алкагында ар бир облуска чакан жана орто бизнеске пилоттук старт-ап долбоорлорду каржылоо программасын иштеп чыккан.

Аталган долбоорлор Айыл-Банк, РСК-Банк, Бакай-Банк көмөктөш банктар аркылуу ишке ашырылып, ал эми Гарантиялык Фонд старт-ап долбоорлору жактырылган ишкерлерге өзүнүн кепилдигин берет.

Программа бизнес кылам деген бардык каалоочуларга багытталып, артыкчылык тармактарда (мисалы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, тигүү жана кездеме чыгаруу өндүрүшү) негизги каражаттарды (модернизациялоо, капиталдык ремонт жүргүзүү) сатып алууга жумшалат.

Долбоорду ишке ашыруу максатында жалпысынан 70 миллион сом каралган. Же болбосо 7 облуска 10 миллион сомдон.

Бир долбоордун каржылоосу 300 миң сомдон 1 миллион сомго чейин болуп, 10 пайыздык чен менен 5 жылдык мөөнөткө берилет. Негизги сумманы кайтаруу боюнча тыныгуу мөөнөтү 12 айга, пайыздык төлөмдөрдүн тыныгуу мөөнөтү 6 айга чейин.

Программанын алкагында ар бир облуста 3 күндүк консультациялык курстар каралган. Курска онлайн каттоодон биринчи өткөн 20 катышуучу топко кирип, консультация алууга укуктуу. Каттону төмөнкү шилтеме аркылуу өтө аласыздар:

http://www.rkdf.org/…/1956_programma_finansirovaniya_start_….

Катышуучулар долбоорго умтулуусунун негизи катары 1500 сом өздүк салымын кошууга тийиш жана негизги бөлүгүн Фонд төлөп берүүсүн эске алуу керек.

Констультациянын негизги максаты бизнес-планды туура түзүү ыкмаларын үйрөтүү жана жактырылган долбоорлорду өнөктөш банктарга сунуштоого көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Андыктан мүмкүнчүлүктөн артта калбаңыздар!!!

 

Добавить комментарий