РТС АЙМАГЫНА САЛЫНГАН 600 МЕТР АРЫК ЖАНА ИЧКИ КӨЧӨДӨГҮ ЖӨӨ АДАМДАР ЖОЛУ ӨТКӨРҮЛҮП АЛЫНДЫ
Нарын шаардык мэриясы жана MSDSPKG коомдук фонду менен кызматташтыктын алкагында РТС аймагына салынган 600 метр узундуктагы чоң арык жана Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында жасалган С. Качкынова жөө адамдар жолу муниципиалдык менчикке өткөрүлүп алынды.
Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, MSDSPKG коомдук фондунун жетекчиси, Нарын шаарынын туруктуулгунун жогорулатуу программасынын кызматкерлери жана аталган кичи долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун катышуусунда долбоорлор өткөрүлүп алынып, каржылаган донорлорго ыраазычылык билдирилип, эки тараптуу кызматташуунун алкагында дагы башка маселелердин үстүндө иш алып баруу сүйлөшүлдү.
Шаар башчысы РТС аймагына салынган арыкка катарлаш тротуар жана волежол салынаарын билдирди.