1500 ТҮП КӨЧӨТТҮ ОТУРГУЗУУ ИШ ЧАРАСЫ ӨТҮП ЖАТАТ

Нарын шаарындагы Жуман Акималиев атындагы паркка тал, терек, кайың, карагат жана мажүрүм тал отургузулуп жатат.

Жалпы 1500 түп көчөттү отургузууга шаардык мекеме кызматкерлери катышып жатат.

Долбоор Нарын шаардык мэриясы жана Кыргызстандагы Ага Хан Фондунун биргелешкен демилгеси менен жашылдандыруу жана токойлорду кеңейтүү доолборунун алкагында «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүнө салым кошуп, өлкөдөгү климаттын өзгөрүшүнө каршы туруктуулукту калыптандырууга багытталып уюштурулууда.