20 ДЕН СООЛУГУНАН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАРДЫН ҮЙ БҮЛӨЛӨРҮНӨ АЗЫК ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ

1-декбарь-бүткүл дүйнөлүк ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата иш чаралар планына ылайык материалдык жана азык түлүктөн жардамдар көрсөтүлүүдө.
Бүгүн Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев айрым ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан үйүнөн кабар алып, азык түлүктөрдү тапшырып, көйгөйлөрүн укту.
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата 20 үй бүлөгө азык түлүктөн, 200 үй бүлөгө 500 сомдон, 30 үй бүлөгө 1000 сомдон материалдык жардамдар көрсөтүлүп, социалдык кызматкерлер тарабынан дайыма көзөмөлдөнүп, дагы баша колдоолор көрсөтулүп келет.
Нарын шаарында жалпы 1970 майып жарандарыбыз бар болсо мунун ичинен 18 дашка толо элек балдардын саны 341.