2015-жылдын 25-августунда ɵтүүчү Эл аралык инвестициялык форумга Нарын шаары тɵрт бизнес долбоор сунуштайт

Кечээ, 13-августта Нарын облусунун ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн административдик имаратында облустук Регионалдык инвестициялык Кеӊештин (РИК) тɵртүнчү отуруму болуп ɵттү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Анда 2015-жылдын 25-августунда ɵтүүчү «Нарын-Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн» Эл аралык инвестициялык форумда сунушталчу инвестициялык долбоорлор презентацияланды. Ошондой эле облустун аймагында ишкерлерге маалымат-кеӊеш берүү борборун уюштуруу, туристтик тармактын мүмкүнчүлүктɵрү жана ɵнүгүүнүн тоскоолдуктары, кичи жана орто бизнестин ишмердүүлүгүн колдоо туурасында маселелер каралды.

Ал эми шаардын 1-вице-мэри А.Суранов «Шалбар» коомдук бирикмесинин тигүү ɵндүрүшү, «Арашан» жеке менчик ишканасынын минералдык суу ɵндүрүү, «Эльзар» жеке менчик ишканасынын эмеректерди жасоо жана сүт азыктарын даярдоочу «Шамшы Ата» айыл-чарба кооперативинин бизнес долбоорлорун сунуштады.

Маалымат үчүн айтсак, РИК Нарын облусунда бизнес чɵйрɵсүн жана инвестициялык жагдайды жакшыртуу маселелери боюнча жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик бийлик органдары үчүн сунуштамаларды, сунуштарды иштеп чыгууну, даярдоону жана облустун социалдык-экономикалык ɵнүгүшүн тездетүү үчүн зарыл иш-чараларды жүзɵгɵ ашырууну камсыз кыла турган кеӊеш берүүчү-консультативдик орган болуп эсептелет. Кеӊеш 2014-жылдын 2-майында Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнɵ караштуу бизнести ɵнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеӊештин жана ЮСАИД Реформа долбоорунун колдоосунда түзүлгɵн.

РИКтин мүчɵлɵрү болуп ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн кызматкерлери, Нарын шаарынын жетекчилиги, облустун бизнес ассоциациялары, эл аралык уюмдардын ɵкүлдɵрү, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери киришкен.

Добавить комментарий