2023-ЖЫЛ ИЧИНДЕ ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАКТАН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАСЫМ ЖАСАЛАТ

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев Нарын шаардык Кеңешинин депуттарына 2023-жыл ичинде аткарылган иштердин отчетун берип, 2023-жылы аткарууга алынуучу иш план, долбоорлор менен тааныштырды.
2022-жыл ичинде шаарга инвестиция тартуу планы ашыгы менен аткарылгандыгын белгилеп, эл аралык уюмдар жана жеке ишкерлер тарабынан 21 288 700 сомдук инвестиция тартылып, шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу, ирригация жана тротуар салуу жумуштары аткарылды.
Ал эми 2023-жылдын 1-январына карата өнөр-жай продукциясынын көлөмү 1328,5 млн сомго өндүрүлүп. Физикалык көлөмдүн индекси 92,2% түздү.
2022-жылдын январь-декабрь айларында Нарын шаарында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 283 942,0 миң сомду түзүп, 100,0% аткарылды.
Мунун ичинен республикалык бюджетке 106 620,5 мин сом план берилип, 98 826,9 мин сом же 92,7% аткарылды. Ал эми жергиликтүү бюджетке 177 294,1 миң сомго план-тапшырма берилип, 185 115,1 миң сомго же 104,4% аткарылган.
Ошондой эле жылдык отчет берүү жыйынында шаар башчысы Канболот Тутуев: “2023-жыл ичинде шаардын инфраструктурасын жакшыртууга өткөн жылга салыштырмалуу көп аракет жумшалат. Ошол эле учурда экономикалык жактын өнүктүрүү, жумушчу орундарды түзүү, бизнес чөйрөсү менен бир аракетте орто жана чакан ишканаларды ачуу, эл аралык донорлор менен кызматташууну жакшыртуу менен инвесторлорду тартуу багыттарында келечекетүү пландарды ишке ашырууну көздөп жатабыз”-деди өз сөзүндө.
2023-жылга карата түзүлгөн планда: №9 А.Садыков атындагы мектебинин курулуш иштерин сапаттуу улантуу; №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектебинин жаны имаратын Россия Федерация аркылуу курулуш иштерин баштатуу чараларын көрүү, эл аралык уюмдар, фонддор менен кызматташып гранттык каражаттарды тартуу, №4 Наристе-Нур бала-бакчасынын базасына 100 орундуу балдар бакчасын курдуруу боюнча иш алып баруу.
Республикалык үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен
К. Жакыпов орто мектебинин жылуулук системасын капиталдык оңдоодон өткөрүү, Мазар-Булак скверин реконструкциялоо,
Ленин көчөсүнүн түштүк тарабындагы «Шаркыратма» көпүрөсүнүн троллейбустун линиясына чейинки тротуар капиталдык ремонттон өткөрүү , Городок аймагында Ленин көчөсүнүн түндүк тарабындагы Райондук оорукананын көчөсүнүн кесилишенен Ленин №178 үйүнө чейинки тротуарды капиталдык ремонттон өткөрүү, Ленин №244 жана №125 үйлөрүнүн жанындагы аялдамаларды реконструкциялоо
64-аймагындагы скверди реконструкциялоо жана жашоочуларга эс алууга ыңгайлуу шарттарды түзүү, Зоярко көчөсүндөгү сквер реконструкциялоо,
Ак-Коргон аймагындагы скверди
М.Жусаев атындагы паркты реконструкциялоо,
Жаңы-жол аймагындагы скверди реконструкциялоо жана «Набережная» скверин уюштуруу, Интернат аймагындагы бузулган көрстөндүн ордуна сквер уюштуруу, РТС аймагындагы «Алга-Нарын» скверин кеңейтүү, коомдук транспортту өнүктүрүү максатыда 5 электробустарды сатып алуу өңдүү бир нече пландар коюлууда.