2700 КӨЧӨТ ОТУРГУЗУЛДУ. БУГА ЧЕЙИН КЫЙЫЛГАН БАКТАРДЫН ОРДУНА ЖАҢЫ КӨЧӨТТӨР ТИГИЛИП, ЭСКИ КҮМБӨЗДӨР ОРДУ ПАРККА АЙЛАНДЫ

Бүгүн Нарын шаарында массалык түрдө көчөт отургузуу иш чарасы уюштурулду. Демөөрчүлөр тарыбынан алынып келинген карагайдын, алманын, ак кайыңдын жана теректин көчөттөрү Москва аймагындагы Муса Жусаев паркына жана МДС аймагындагы күмбоздөрдүн ордуна тигилип, сугарылды.
Көчөт отургузуу иш чарасына облустук, шаардык жана райондук мекеме-ишкана кызматкерлери тартылып, жалпысынан 2700 түп көчөт тигилди.
Көчөттөр Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин сүйлөшүүсүнө ылайык Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу парограммасынын каржылоосунда жана MSDSP KG программасынын жана Нарын токой чарбасынан жана башка фонддордун жардамы менен алынып келинген.