3-ДЕКАБРЬ-ДЕН СООЛУГУНАН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ КАРАТА МАЙРАМДЫК ИШ ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

Нарын шаарында 3-декабрь-ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш чара уюштурулду.
Иш чарага шаар аймагындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомдук уюмдары жана алардын мүчөлөрү Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурбек Сатаров, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Нарын шаардык Кеңешинин Автандил Молдосалиев жана укук коргоо, социалдык камсыздоо, саламаттыкты сактоо мекемелеринин башчылары катышышты.
Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев “ Адамдардын баардыгынын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, бирок биз ар чектелген мүмкүнчүлүктү жеңип чыгышыбыз керек. Сиздер эң күчтүү адамдарсыздар, анткени канчалаган кыйынчылыктарга карабай бири бириңиздерге колдоо көрсөтүп, коомдук маданий иштерде активдүүсүздөр. Коомдук бирикмелер өз аракеттери менен көптөгөн көйгөйлөрдү жөнгө салып, бул багытта арбын ийгиликтерди жаратып келе жатасыздар. Мен сиздерге бекем ден соолук, дагы да арбын ийгиликтерди каалайм. Бийик максаттарды коюп, алга кадам таштай бериңиздер «-деди.
Иш чара концерттик программа менен коштолуп, шаардык маданият үйүнүн өнөрпоздорунан тышкары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу тургундар концерт коюп беришти.