НАРЫН ШААРЫН ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА ТАШТАНДЫНЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮ ИШКАНАСЫН КУРУУ, БАЛА БАКЧА САЛУУ ЖАНА БАШКА КЕЛЕЧЕКТҮҮ ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

«Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу» программасынын алкагында БУУнун “Туруктуу шаарды пландоо” компонентинин калктуу конуштар программасынын адисттери (БУУ-Хабитат) Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана мекеме жетекчилер менен жолугушушту.
Жолугушууда шаар куруу жана туруктуу өнүктүрүү долбоору (НӨРП) шаарды толук, баардык тараптан карап, социалдык- экономикалык жактан жакшыртуу боюнча маселелердин дээрлик баардыгынын үстүстүндө изилдөө, пландоо, каржылоо менен калктуу конуштарды шаар тибинде куруу менен комплекстүү өнүгүүнү камсыздоо максатын көздөөрүн маалымдашып. Эки тараптуу кызматташуунун сапатын жакшыртуу тууралуу сүйлөшүштү.
Донорлор менен болгон жолугушууда Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев маалымат берип, инфраструктураны жакшыртуудагы маанилүү учурлар (жол,ирригация, парк,скврелер, социалдык курулуштарды куруу, ж. б) тууралуу айтып, негизги маселер катары шаарда таштанды жайын реконструкциялоо жана таштандыны кайра иштетүү ишканасын куруу, коомдук транспортту өнүктүрүү, бала бакча салуу, парк-скверлерди өнүктүрүү, Сагынбай Орозбаков көчөсүн реконструкциялоо, ирригациялык тутумун оңдоо өңдүү маселелерди атап, Нарын шаарын туруктуу өнүктүрүү программасынын алкагында чечүүгө кызыктар экендигин белгиледи.
Натыйжада Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында аткарылуучу иштерди дагы да талкуулоо үчүн бир катар жолугушуулар белгиленди