Саламатсызбы!
Кары Джанузаков көчөсүндөгү таштандылар маселесин чечип бериңиздерчи.
Бул жактын тургундары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ишембилик кылып. Таштандылар паркта учуп жүрөт. Штраф кылып бир маселесин чечиңиздер.
Былтыр дагы кайрылгам, маселе чечилген жок.
Бул жакта конок үйгө көп туристтер өтөт. Өтө нача көрүнүш.
Рахмат!
Саламатсызбы сиздин кайрылууңузду тийиштүү адситерге билдирдик.
09.04.2024
Аска мейманкана жактагы жаңы конуштун жолдорун грейдер менен түздөп берүү жөнүндө кайрылып, бирок жумуш аткарылган эмес, жолду түртүп берүүнорду суранабыз
Саламатсызбы, сиздин кайрылууңузга жооп берилет.
09.04.2024
Аска мейманкана жактагы жаңы конуштун жолдору каналдан баштап гостиницадан күн чыгышты көздөй шагыл төгүп, жолду түртүп берүүнорду суранабыз . Турдубеков Кубанычбек 0997444767
Саламатсызбы, сиздин кайрылууңуз тийиштүү болумго жеткирилди. Сиз менен байланышышат.
09.04.2024
Электрондук кайрылууну аткарылгандарга киргизип коюптурсунар, бирок аткарылган эмес
Саламатсызбы, көңулго алабыз.
09.04.2024
Аска мейманкана жактагы жаңы конуштун жолдорун грейдер менен түздөп берүү жөнүндө кайрылып, бирок жумуш аткарылган эмес, жолду түртүп берүүнорду суранабыз 0997444767 Турдубеков Кубанычбек
Саламатсыздарбы, кайрылууңузга жооп беребиз.
25.03.2024
Саломалейкум Канболот байке А. Жусупов чөлкөмдөгү Нарын каналынын көпүрөсунон баштап Аска гостиницадан күн чыгышты көздөй шагыл жолду грейдер менен түздөп, сүрүп берүүңүздү сурайм. Турдубеков Кубанычбек 0997444767
Саламатсызбы, сизге биздин тийиштүү адисибиз байланышат.
09.02.2024
Нарын шаарыны мэри К. Тутуевге
Нарын шаарынын Кулумбаева 41,39
үйүнүнүн жалпы
тургундарынын атынан
Арыз
Биздин Сизге арыз жазуубуздун себеби, Нарын жылуулук берүү ишканасы тарабынан жылуулук тийиштүү деңгээлде берилбей жаткандыгын, батирлердеги жылуулук 14-16°С араң жетип жаткандыктан, кошумча жылыткычтарды саюуга аргасыз болуп жатабыз. Натыйжада жылуулукка өзүнчө, электр энергиясына да төлөп жатабыз. Мындай көрүнүш жыл сайын кайталанат. Жазында, жайында жылуулук берүү иш канасы бул үйлөрдүн трассасын, жылуулук берүү мешин оңдоо иштерин жүргүзбөйт. Бул маселелерди жыл сайын көтөрөбүз, бирок эч натыйжа чыкпайт. Нарын шаарынын “Москва, Городок” чөлкөмдөрүндөй жылуулук берилсе, төлөм жүргүзүүдө нааразычылыктар болбойт эле.
Биздин бул көйгөйлүү маселебизди чечип берүүңуздү суранабыз! Алмазбеков Аскар Алмазбекович 0705621612
Саламатсызбы, сиздин кайрылуунуз көзөмөлгө алынды. Жылуулук иш канасынан байланышып жооп берилет.
02.02.2024
Урматтуу Канболот Мусаевич!
Нарын шаарынын А.Бактыгулов 36 ,,б\" үйүнүн жашоочусу Баатыр эне Атанбекова Рысбүбү: 0708531436
Сизге кайрылуумдун себеби: Мен жашаган көчөдө жарыктандыруу жок, эртең менен неберелерим окууга барышат, көчөдө жолбун иттер, байланган ажаан иттер жүрүшөт, балдарымдын коопсуздугу үчүн көчөөгө жарык керек. Экинчи маселе: Көчө заар эригенде, жаан жаганда ылайдан, баткактан көчөдөн басуу оорчулукту алып келүүдө. Ошондуктан Сизден жазында көчөгө ГПС ( балас) материал төктүрүп жана көчөгө жарык койдуруп берүүңүздү суранамын.
Кайрылуу ээси 85-жаштагы Баатыр эне Атанбекова Рысбүбү. 02.02.1924 ж. Нарын шаары . 0708 531436.
Саламатсызбы, сиздин кайрылууңуздун мазмуну толук кандуу келбей калды. Сиз менен телефон аркылуу байланышабыз.
02.02.2024
Урматтуу Канболот Мусаевич,
Сизге кайрылуумдун себеби биз жашап жаткан мал базардын артында Д. Тиленбаев көчөсүнүн түштүк тарабында жолбун иттер үйүр-үйүр болуп таңкы мектепке барчу окуучу балдарга коркунуч жаратууда. Тактоо иретинде сүрөт тиркелет. 0706017787 Абыкеева Рыскүл Аалыкадыровна
Саламатсызбы, сиз менен байланышып көйгөйду жөнгө салып беришет.
19.01.2024
Торт балама жолок пул ала албай атам. Жардам беринизчи 0700740623 Назаркулова Элиза Жумагулбековна
Саламатсызбы, сизге тийиштүү адистер кабарлашып маалымат беришет.