АФГАН ОКУЯСЫНЫН 35 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 15-февралда Афган жергесинен Советтик жоокерлердин чыгарылгандыгынын 35 жыл толду. Бул датага карата эскерүү митинги жана ардагерлерге арналган салтанаттуу иш Чара болуп өттү.
Эскерүү митингинде курман болгон жоокерлерге куран окулуп, эстелиикке гүл чамбарлар коюлду. Мындан соң облустук драм театрда салтанаттуу иш чара уюштурулуп, Афган согушунда көрсөткөн эрдиги жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн айрым ардагерлер облус, шаар жана район жетекчилиги тарабынан Ардак грамоталар менен сыйланышты.