«АЙТМАТОВ КЫЛЫМ ҮНҮ-КЫРГЫЗ ЖҮЗҮ»

Улуу жазуучу Чынгыз Айматовдун 95-жылдыгына карата Ж. Коңурбаева атындагы Нарын шаардык китепканасынын 3- филиалында (М.Сыдыков атындагы чөлкөм) иш чара уюштурулду.
Иш чарага Нарын шаарынын мэринин орун басары Элнура Асангазы кызы, маданий кызматкерлер, жергиликтүү акындар, окуучулар, китепкана жамааты катышышты.
В. П. Чкалов атындагы 2- мектеп гимназиясынын мугалими » Айтматовдун чыгармаларынын уюткусу Шекерден башталат » аталышындагы доклад жасап, 7- М. Сыдыков атындагы орто мектептин окуучулары Ак кеме повестиндеги Бугу эне жомогун сахналаштырып көрсөтүп беришти.
Ошондой эле Айтматовго жана анын чыгармалырына арналган, обондуу ырдар аткарылып, көркөм окулду.