Ашымбаев Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл кызматынан бошотулду – ким дайындалды

Сабыркул Ашимбаев башка ишке өтүп жатат, ал бул кызматты туура бир жыл ээлеген.

Премьер-министр Ж.Оторбаев КР ЕАЭБ кошулуусу боюнча ведомство аралык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү.

Тиешелүү жарлыкка бүгүн Садыр Жапаров кол койду.

Маалыматка ылайык, Ашимбаев башка ишке өтүп жатат. Нарын облусунун жаңы башчысы болуп Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын биринин мурдагы жетекчиси Алтынбек Эргешов дайындалды.

Ашимбаев бир жыл мурун мамлекет башчысынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.