БААСЫ 20%га ЧЕЙИН АРЗАН. НАРЫН ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ДАРЫКАНАЛАР АЧЫЛДЫ

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Нарын шаарындагы облустук үй бүлөлүк медициналык борборунун жана мурдагы райондук оорукананын (азыркы облустук үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун 2- имаратында) имаратында, 2 жерде мамлекеттик дарыканалар ачылды.
Мамлекеттик дарыканалардын ачылышына Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурбек Саттаров, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова, Нарын шаарынын мэринин орун басары Элнура Асангазы кызы жана медицина кызматкерлери катышышты.
400гө чукул дарынын түрлөрү менен ачылган мамлекеттик дарыканалар бүгүнкү күндөн баштап иштеп баштады. Алдыда дарылардын түрүн толуктоо иштери алынып барылат.