БАЛАГА МЭЭРИМ ЖАНА КЕҢЕШ КЕРЕК

Нарын шаарындагы баардык орто мектептердин 10- классынын окуучулары арасында «Балалык бактылуу болууга тийиш» аталышында кароо сынак уюштурулду.
Нарын шаардык билим берүү бөлүмү жана облустук үй бүлөлүк медицина борбору тарабынан уюштурулган окуучулардын катышуусундагы иш чара жашы жете электерди зордук зомбулуктун ар кандай түрүнөн коргоо, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктуу алдын алуу, эрте никенин кесепеттерин түшүндүрүү максатын көздөйт.
Командага бөлүнгөн балдар ар кандай көрүнүштөрдүү позитивдүү көз карашта чагылдырышып, таланттарын тартуулашты.
Иш чаранын калыстар тобунда Нарын шаарынын мэринин орун басары Элнура Асангазы кызы, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Апсалиева, Нарын облустук үй бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Табылды Жакыпов, ички иштер органдарынан, дин кызматынан өкүлдөр камтылып, өспүрүмдөр тарабынан даярдалган иш чарага өз бааларын беришип, зордук, зомбулукка каршы туруу боюнча кеңештерин беришти.