БАЛДАРДЫ  ЗОМБУЛУКТАН КОРГООНУ СИСТЕМАГА ЫЛАЙЫК ЖҮРГҮЗҮҮ, БАЛДАР МЕНЕН ИШ АЛЫП БАРУУНУ ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ

Нарын шаарында зордук зомбулукту алдын алуу чараларын жакшыртуу максатында социалдык педагокторго жана мектеп директорлорунун тарбиялык иштер боюнча орун басарларынын катышуусунда семинар-тренинг уюштурулду. Тренинде «НурЖолБер» бей өкмөт уюумунун юристти социалдык коргоо кызматкерлерин окутуп, бул багыттагы суроолоруна жооп берди.
Иш чарада окуучуларды зордук-зомбулуктан коргоо боюнча иш аракеттерди жакшыртуунун ыкмалары тааныштырылып, зордук зомбулук деп эсептелинген кырдаалдарды жөнгө салуу аракеттерин атайын системага ылайык алып баруу боюнча маалыматтар берилип, бул багыттагы ченемдик-укуктук актылар талкууга алынды.
Семинарга катышкан Нарын шаарынын мэринин орун басары Элнура Асангазы кызы социалдык коргоо кызматкерлерин үй бүлөлүк зомбулукан сактоо жана коргоо боюнча иш аракеттерди системдүү түрдө жүргузүүнү белгилеп, кызматкерлердин иш алып баруу учурунда жаралып жаткан тоскоолдуктары чечүүнүн жолдору тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле өспүрүмдөр менен иш алып барууну жакшыртып, алардын ар кандай аракеттерине, абалдарына мээримдүүлүк менен мамиле кылып, колдоо көрсөтүү зарылчылыгы белгиленди.