БАЛЫКЧЫГА ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАРГАН КЫЗМАТКЕРЛЕР КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МЕКЕМЕЛЕРИН, МАДАНИЙ ЖАЙЛАРДЫ КЫДЫРЫШЫП, БАЛЫКЧЫ ЖАШТАРЫ МЕНЕН БААРЛАШЫШТЫ

Нарын-Балыкчы достук тажрыйба алмашуу иш чарасынын алкагында Нарын шаарынан барган кызматкерлер
Балыкчы жылуулук менен камсыздоо, көрктөндүрүү жана санитардык тазалык, жашылдандыруу чабасы , Балыкчы суу түтүктөрүү, муниципалдык менчикти башкаруу ишканаларынын иш менен таанышышты.
Балыкчы шаарынын коммуналыкдык чарба мекмелеринин кубаттулугу, ишкана жамааттарынын жигердүү аракеттери, минципалдык ишканадагы өндүрүштөр жакшы таасирлерди калтырып, сынап көрүү демилгеленди.
Мындан тышкары шаардын борбордук бөлугүндөгү этно жасалгалар, жана Ысык- Көлдөн чыккан айтылуу жети акенин жана мамлекеттин түптөлүшүнө зор салымын кошкон чыгаан инсандардын сүрөттөрү илинген такталар, Соң Көл кино театры тааныштырылыды.
Иш сапардын жүрүшүндө «Ордо» жаштар борборунда балыкчы жаштары менен жолугушу өтүп, жаш активисттер тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалыматтар берилип, пикир алышуу болуп, пайдубалы жаңы түптөлүп жаштардын аракети менен жасалгаланып жаткан борбордук парк көрсөтүлдү.
Жолугушуунун алкагында мектеп бүтүрүүчүсүнүн демөөрчүлүгү менен заманбап оңдоодон өтүп тийиштүү шарттар түзүлгөн Л. Толстой атындагы мектеп-гимназиясындагы жаңыланган иштер, машыгуу талаасы тааныштырылды.