ЧЕК АРАДА БААТЫРЛАРЧА КУРМАН БОЛГОН НУРСУЛТАН ЖАНЫБЕКОВДУН ЫСЫМЫ МАЗАР БУЛАКТАГЫ СКВЕРГЕ КОЮЛУП, ҮЙ БҮЛӨСҮНҮН ДЕМӨӨРЧҮЛҮГҮ МЕНЕН ЖАРЫКТАНДЫРЫЛАТ

Нарын шаарынын тургуну «Бөрү» атайын чек ара кызматынын мурдагы кызматкери, маркум Нурсултан Жаныбековдун атасы Таалайбек Осонов Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев менен жолугушуп 50 миң сом өлчөмүндө демөөрчүлүк кылып, шаардын инфраструктурасын жакшыртууга арнаган салымын берди.
Бул каражат буга чейин Нурсултан Жаныбековдун ысымы коюлган Мазар булак аймагындагы сквердин айланасын жарыктандырууга жумшалат.
Учурда аталган Н. Жаныбеков атындагы сквер республикалык түрткү берүүчү гранттык каражаттын эсебинен реконструкцияланып жатат.
Демөөрчү Таалайбек Осонов менен жолугушкан калаа башчысы ыраазычылыгын билдирип, мекен чегинде татыктуу кызматын өтөгөн Нурсултандай уулду тарбиялаганын белгилеп, ысымын түбөлүккө калтыруу менен аты коюлган паркты жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттары менен пайдаланууга берип, өнүктүрүүнү сүйлөшүштү.
Маркум Нурсултан Жаныбеков 2022-жылы Баткен облусундагы чек арадагы куралдуу кармашта курман болгон.