ИЧКИ ЖОЛДОРДУ АСФАЛЬТТОО УЛАНУУДА

Нарын шаарында ички жолдорду асфальттоо иштери уланууда.
Бүгүнкү күнгө карата 29 көчө, жалпы узундугу 9 чакырым 828 метр ички жол оңдолуп бүтүп, учурда асфальтоо иштери уланып жатат.
Президентибиз Садыр Жапаровдун колдоосу менен Нарын шаарынын ички жолдорун асфальттоо иштерин №8 жана №41 жол тейлөө мекемелери аткарып, суук түшкөнчө планга кирген жолдорду асфальттоону улантышат.