ИШКЕР ДАНИЯР КЫДЫРОВ ШААРГА 55 МИҢ СОМДУК КОЛДООСУН КӨРСӨТТҮ

Нарын шаарынын тургуну, ишкер, «Сапат ШЭД» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Данияр Кыдыров, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев менен жолугушуп шаардын инфарструктурасын жакшыртуу иштерине салым катары 55 миң сомдук колдоосун көрсөттү.
Нарын шаарындагы ар кандай курулуш иштерин жоопкерчиликтүү мамилеси менен сапатту аткарып келе жаткан «Сапат ШЭД» ишканасынын жетекчисине шаардын өнүгүшүнө ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жатканын белгилеген шаар баашчысы ыраазычылыгын билдирип, арбын ийгиликтерди каалады.
Ишкердин каражатына Жаңы жол аймагындагы Тайлак баатыр скверинин айланасын жарыктандыруу иштери жүрөт.