ИШКЕР ТААЛАЙ КАРПЕКОВ ЗАМАНБАП СЕЙИЛ БАГЫН САЛЫП БЕРЕТ

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин сунушуна ылайык Нарын шаарынын тургуну ишкер Таалай Карпеков 64 аймагына жаңы типтеги сейил багын салып, заманбап инвентарлар менен жабдып берүүнү убадалады.
Сквер варкаут 64 аймагында өткөн жылы жаңы түптөлгөн сейил багында салынат жана заман талабына шайкеш жасалгаланып, спорт шаймандары, фантан жана башка инвентарлар коюлат.
Атайын даярдалган долбоор жеринде талкууланып, алдын ала жасалуучу жумуштар, жана тийиштүү шарттарды тузүү жумуштарын тез аранын ичинде баштоо белгиленди.
Белгилей кетсек ишкер Таалай Карпеков Нарын шаарына Хан-Тенгри мейманкана жана ресторан комплексин иштетүү менен шаарбыздын экономикалык-инфраструктуралык тармагында зор салым кошуп, ондогон адамдарды жумуш менен камсыздап келет.
Шаар башчысы Канболот Тутуев, Таалай Карпековго аталган долбоорду ишке ашыруу менен шаар жана шаар тургундары үчүн мыкты эс алуучу жай болуп калаарын белгилеп, сунушун кабыл алып, колдоо көрсөтүп жатканы үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, арбын ийгилектерди каалады.