ИШКЕР ТААЛАЙ КАРПЕКОВДУН КАРЖЫЛООСУНДА СКВЕР САЛЫНА БАШТАДЫ

Нарын шаарынын тургуну, Хан-Тенгри мейманкана жана ресторан комплексинин ээси, ишкер Таалай Карпеков 64 аймагына жаңы типтеги сейил багын салуу ишин баштады.
Учурда брусчаткалар төшөлүп жатат, алдыда заманбап инвентарлар менен жабдуу жарыктандыруу көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, спорт шаймандары жана фонтан коюлат.
Сквер варкаут 64 аймагында өткөн жылы жаңы түптөлгөн сейил багынын ичине салынып жатат. Курулуш иштерин жеринен көргөн Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев демөөрчү Таалай Карпековго шааррдын инфраструктурасын жакшыртууга, социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жатанын белгилеп, терең ыраазычылыгын айтты.