К. ТУТУЕВ: «КЕЛЕЧЕК МУУНГА БИЛИМ-ТАРБИЯ БЕРҮҮДӨГҮ ИШИҢИЗДЕРГЕ ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ МАМИЛЕ КЫЛЫҢЫЗДАР»

Нарын шаарында коллегиялык отурум өтүп анда шаардагы билим берүүнүн сапаты каралды.
Буга чейин атайын комиссия шаардагы баардык орто мектептерди кыдырып, билим берүү мекемелериндеги иштердин жүрүшү, окуучуларга билим-тарбия берүүнүн аткарылышы, иш милдеттердин аткарылышы, иш пландарды түзүү жана аны аткаруу, таланттуу балдар менен иштөө, балдарды кесипке багыттоо, методикалык борбордун иштеши, жаңы тажрыйбаларды өздөштүрүү жана башка баардык багыттары боюнча текшерүүгө алып, бир катар кемчиликтерди аныкталган.
Коллегияда шаарда балдардын билими үчүн бүт аракет жумшалып, колдоого алынып, дем берүүчү иш чаралар, сынактар жарыяланып жатканына карабай, кайдыгер мамиле жасалган учурлар кездешпей койбойт экендиги белгиленип, келечек муунга билим-тарбия берүүгө жоопкерчилик менен кароо менен агартуучулар башка иштер менен алек болбосу керектиги айтылды.
Билим берүүнүн сапаттын жакшыртууга кайдыгер мамилеси, мектептерде сабактар боюнча анализдин жасалбагандыгы, иш пландын толук кандуу аткарылбагандыгы, директорлор жамаат менен билим сапатын талкуулап чечүү аракетин көрбөгөндүгү, билим берүү үчүн учурдагы ыңгайлуу, санарип платформаларды пайдаланууну тажрыйбалабагандыгы жана коллегиялык отурумга тийиштүү денгээлде даярданбай келгендиги белгиленип, ишти жакшыртуу үчүн тийиштүү аракеттерди көрүү тапшырылды.
Жыйында Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев » Азыр тийиштүү шарт жок деген уят. Шаарыбызда дээрлик баардык керек шарттар бар. Ишенип тапшырылган милдетти аткарбай, ишеничти актабай жатасыздар. Башка маселелерге салыштырмалуу сиздердин иш кынтыксыз аткарылышы керек. Кайдыгер мамиле менен келечекке балта чаап жатасыздар. Сабактын сапатуу өтүлүшүнө көңүл буруп, катуу көзөмөлдөөнү тапшырам. Билим берүүдөгү мындай мамиле кечирилгис.» деди.
Коллегияда мындай кемчиликтер үчүн бул маселени 6 айдын жыйынтыгы менен дагы талкууга алып жыйынтык чыкпаса жетекчилерге кызматтык чара көрүү зарыл экендиги белгиленди.