К. ЖАКЫПОВ АТЫНДАГЫ ОРТО МЕКТЕПТИН ЖЫЛУУЛУК ТУТУМУН АЛМАШТЫРУУ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ

Нарын шаарындагы №5 Кычан Жакыпов атындагы орто мектептин жылуулук тутумун алмаштыруу иштери башталды.
Буга чейин чечилген акча каражатын пайдаланууда курулуш келишимдерин банктык коштоо менен алып баруу боюнча министрлер кабинетинин токтомуна ылайык акча каражаттарын колдонуу мүмкүн болбогондугуна байланыштуу токтоп турган №5 К. Жакыпов атындагы орто мектептин жылуулук тутумун жаңыртуу иштери жүрүп жатат.
Аталган орто мектептин жылуулугун жаңыртуу иштеринин жүрүшүнөн кабар алган шаар башчысы Канболот Тутуев жумушчулар менен жолугушуп, күчөтүлгөн режимде иш алып баруу менен мектепти жылытуу мезгилине даярдоо зарылчылыгын айтып, бул үчүн баардык аракетти көрүүнү сүйлөштү.