КАТАРЫ МЕНЕН КЕЛГЕН АКЫРКЫ 12 АЙ ҮЧҮН ТҮШКӨН АКЧАНЫН КӨЛӨМҮ 8 МЛН СОМДОН АШПАГАН СООДАГЕРЛЕР САЛЫК ТӨЛӨӨДӨН ЖАНА САЛЫКТЫК ОТЧЕТТОН БОШОТУЛАТ

Нарын шаарынын аймагында соода-сатык кылып ишкердүүлүк жүргүзүп патенттик негизде салык төлгөн жеке ишкерлер бирдиктүү салыктын негизинде салык төлөө эрежесине өткөрүлүүдө.
Бул боюнча Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык салык кызматынын кызматкерлери жеке ишкерлер арасында Нарын шаарында жайгашкан борбордук базарында соода-сатык менен ишкердүүлүк жүргүзгөн жеке ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин алып барышууда.
Бирдиктүү салыктын негизинде салык төлөөчүлөргө салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму КРнын салык кодексинин 423-берененсинин 8-пунктуна ылайык Нарын шаарынын аймагында соода-сатык кылып ишкердүүлүк жүргүзгөн жеке ишкерлер төмөндөгүдөй шарттар менен 0 (нол) пайыздык көрсөткүч менен бирдиктүү салыкка өтүп, салыктан жана салыктык отчеттон бошотулат.
1- катары менен келген акыркы 12 ай ичиндеги акчанын түшкөн акчанын өлчөмү 8 млн ашпаган:
2- ишти төмөндөгүдөй жүзөөгө ашырган:
🔺контролдук кассалык машина (ККМ) колдонуу менен:
🔺экиден ашык эмес жалданма жумушчу тартуу менен:
3- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө КРнын Мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талапты аткарган:
Азыркы учурда Нарын шаарындагы борбордук базарында 607 жеке ишкер соода-сатык кылып ишкердүүлүк менен алектенишет. Анын ичинен салык кызматынан күбөлүк алып бирдиктүү салыктын негизине өткөндөрдун саны 287, ККМ алууга арыз менен банктарга кайрылган жеке ишкерлердин саны 63. Бирдиктүү салыктын негизине өтүүгө арыз менен кайрылгандар акыркы үч күндүн ичинде 98 жеке ишкерди түздү. Борбордук базардын аймагында соода сатык жүргүзгөн 26 жеке ишкер ККМ колдонуп башташкан.