КУЛАКТАНДЫРУУ. АУКЦИОН, СЫНАК АРКЫЛУУ ЖЕР АЯНТТАРЫ ИЖАРАГА БЕРИЛЕТ

 Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы  аукцион, конкурс аркылуу жер аянтын ижарага берет.

 

1-Лот.  Нарын шаарынын «Городок» аймагындагы Исаков көчөсүндө  жайгашкан 18 чарчы метр жер аянтын коммерциялык багытта 5 жылдык мөөнөткө  аукцион аркылуу ижарага берилет.

Баштапкы баасы бир айга 900 (тогуз жъз) сом.

 

2-Лот-Нарын шаары Ж.Баласагын көчөсү  № 28 үйүнүн күн  чыгыш тарабынан болжол менен 490 чарчы метр жер аянтын жашылдандыруу багытында 1 жылдык мөөнөткө аукцион аркылуу ижарага берилет.

Баштапкы баасы бир жылга 2940 (эки миң тогуз жүз кырк) сом.

 

3-Лот- Нарын шаары “Жайлобак” аймагынан Ж.Шералиев көчөсүнүн түндүк  тарабынан 260,0 чарчы метр жер аянтына комерциялык багытта 5 жылдык мөөнөткө  түз берүү үчүн  конкурс жарыяланат.

Баштапкы баасы бир айга 13 000 (он үч  миң) сом.