КУЛАКТАНДЫРУУ

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому бекитилген «Жер мунапысын жүргүзүүнүн  тартиби» жөнүндө жобого ылайык Нарын шаарынын ичинде өзүм билемдик менен курулган же курулушу бүтпөй калган жеке турак үйлөрү бар («Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак жай курулушун жөнгө салуучу мыйзамда белгиленген тартипте бөлүнүп берилбеген жер участогунда жеке турак үй куруу үчүн негизсиз тургузулган обьектилер); жарандардын арыздарын Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча  муниципалдык ишканасында кабыл алуужүргузулүп  жаткандыгын маалымдайбыз. Мунапыс жүргүзүүнүн мөөнөтү  2024-жылдын 8-сентябрына чейин болот.