КЫРГЫЗ ТИЛИНИН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МАКАМЫНА ЭЭ БОЛУШУНУН 34 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Нарын шаарындагы №2 В.П. Чкалов атындагы мектеп гимназиясынын 8- классынын окуучулары кыргыз тил күнүнө карата майрамдык иш чара өткөрүштү.
Шаарыбыздагы орус тилдүү мектептин окуучулары кыргыз тилинде көркөм окушуп, Манас айтып, көөнө сөздөрдү чечмелеп, акыйнек айтышты.
Иш чарага катышкан Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Апсалиева баштаган агартуу тармагынын кызматкерлери окуучуларды эне тилибизди урмат-сый менен мамиле кылууга чакырышып, анын баалуулуктары тууралуу баяндап беришти.