“КЫРГЫЗАВТОЖОЛ” МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕСИНИН КАРАМАГЫНДАГЫ “НУР” БАЛА БАКЧАСЫ МУНИЦИПАЛИТЕТКЕ АЛЫНЫП, АЧЫЛДЫ

“Кыргызавтожол мамлекеттик мекемесинин Нарын филиалына караштуу “Нур” бала бакчасы Нарын шаарынын муниципалдык менчигине алынып 5 тайпага ылайыкташтырылып ачылды.
№4 “Наристе-Нур” бала бакчасынын филиалы катары ачылган бала бакчанын абалы менен Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев таанышты.
Алдыда бала бакчаны өнүктүрүү чараларын көрүү талкууланып, керектүү инвентарларын алууга жана жаңыртууга материалдык колдоо көрсөтөөрүн айтып, бакчаны тийиштүү деңгээлде иштетүүнү тапшырды.