МӨМӨ-ЖЕМИШ БАКТАРЫ ОТУРГУЗУЛДУ

Бүгүн Нарын шаарында 500 түп алма, 100 түп өрүктүн  көчөттөрү отургузулду.
Нарын шаарындагы М. Жусаев жана Алма Бак парктарында алманын жана өрүктүн көчөттөрү отургузулду.
Көчөт отургузуу иш чарасына президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана Ага Хан өнүктүрүү фондунун Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлү Баркат Фазал, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве,
АКДН өнүктүрүү уюмунун өкүлү Алтааф Хашам катышты.
Мөмө дарактарынын көчөттөрүн отургузууга шаардык мекемелерден кызматкерлер тартылды.
Көчөттөр Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында алынып келинген.
Буга чейин аталган программанын каржылоосунда 600 түп көк карагайдын көчөттөрү отургузулган.