МАМЛЕКЕТТИК КЫРГЫЗ ТИЛИНИН 34 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА КЫЗМАТКЕРЛЕР ЖАТ ЖАЗУУ ЖАЗЫШТЫ 

Нарын шаарында кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамына ээ болушунун 34 жылдыгын белгилөө боюнча жарыяланган 1 айлыктын алкагында шаардык мекеме-ишканаларда эмгектенген кызматкерлер жат жазуу жазышты.
Кыргыз тилчи мугалимдердин көзөмөлүндө, 200 сөздөн турган текстти жазган кызматкерлердин жат жазуулары кыргыз тилчи мугалимдер тарабынан текшерилип, граматикалык катасынан тышкары кол жазмаларына карата баалар коюлду.
Жалпы 55 кызматкердин ичинен 23 катышуучу «5», 21 » 4″ ал эми 11 кызматкер 3 деген баа алышты.
Жыйынтыгында катасыз, сулуу жазып, 5 деген баа алган кызматкерлерге Нарын шаардык мэриясы тарабынан даярдалган кызыктыруучу белектер тапшырылат.