МАМЛЕКЕТТИК ЖЕЛЕГИБИЗГЕ 31 ЖЫЛ

Нарын шаарында мамлекеттик туу күнү ак калпак күнүнө карата чакан майрамдык иш чара болуп өттү.
Жергиликтүү тургундарды Туу жана Ак калпак күнү менен президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Садыкова , Нарын шаарынын мэринин орун басары Элнура Асангазы кызы, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиевдер куттукташты.
Иш чара жөө жүрүш, мамлекеттик туу жана ак калпак боюнча баяндар менен коштолуп, шаардык маданият бөлүмүнүн концертти менен жыйынтыкталды