Ыр кесе кароо сынагынан жана демөөрчүлөр тарабынан түшкөн каражаттын эсебинен Кара Кулжа районунан миң түп можжевельниктин көчөту алынып келип, Нарын шаарынын 64 аймагындагы 1983-жылкы муун тарабынан салынган «Ынтымак аллеясына», РТС аймагындагы Н. Таалайбеков атындагы паркка, » Мед айымдар аллеясына», төрөт үйүнө каттачуу жолдун жээгине, жана М. Сыдыков аймагында жаңы сквер кылуу үчүн даярдалган жерге, борбордук чөлкөмдөгү #31-үйдүн жанына салынган аллеяга тигилди
.Көчөт тигүү иш чарасына Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев баштаган мекеме-ишканалардын жетекчилери эмгек жамаатары менен катышышты.
Отургузулган жаңы көчөттөргө сугат суусу жеткирилип, сугарылды. Жакындай айланасы тосулуп, жарыктандырылат.