МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТАРДА ГЕОГРАФИЯЛЫК МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМАНЫ КОЛДОНУУ ҮЧҮН АДИСТЕР ДАЯРДАЛУУДА

БАУ жакында эле Нарын шаарынын муниципалитетинин кызматкерлери үчүн бир нече муниципалдык кызмат көрсөтүүчү ишканалардын потенциалын жогорулатуу боюнча комплекстүү программаны демилгеледи. Бул демилгеде Нарын шаардык мэриясы менен биргеликте шаардык ишкана кызматкерлери ГИС ти колдонууну өздөштүрүп атайын окуудан өтүшөт

Бул программанын негизги максаты географиялык маалымат системалары (ГИС) жана геомейкиндиктик технологиялар боюнча алардын көндүмдөрүн жогорулатуу болуп саналат. Бул Нарын шаарын жана ага чектеш аймакты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында «Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу» программасынын алкагында сунушталууда.

Программа кийинки төрт айдын ичинде сунушталат, анын жүрүшүндө катышуучулар БАУнун ГИС боюнча эксперттери жетектеген тренингдерден өтүшөт. Курс класстагы, онлайн жана талаа сессияларын камтыган гибрид форматында өткөрүлөт.

“Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу” программасы – Нарынды туруктуу экономикалык өсүшкө жана инвестицияга көмөктөшүүчү үлгүлүү туруктуу шаарга айландыруу максатын көздөгөн беш жылдык демилге. Ал БАУ тарабынан Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын (АКДН) бир нече агенттиктери, анын ичинде Ага-Хан Хабитат агенттиги жана Ага Хан Фонду менен биргеликте ишке ашырылууда. Демилге Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгы жана АКДН тарабынан каржыланган.