НАРЫН-БАЛЫКЧЫ. ЭКИ ШААР ДОСТУК, КЫЗМАТТАШТЫК БАЙЛАНЫШЫН ТҮЗДҮ

Нарын шаардык мэриясы менен Балыкчы шаардык мэриясы ортосунда достук келишими түзүлдү. Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин демилгеси менен Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу атайын достук келишимине кол коюшуу иш чарасын уюштуруп, ага эки шаар мэриясынын кызматкерлери, шаардык ишкана жетекчилери жана кызматкерлери катышышты.
Достук мамиле менен кызматташуунун максаты эки шаардагы жергиликтүү башкаруу органдарынын жана комунналдык чарба мекмелирин алдыңкы тажрыйбаларын алмашуу жана жайылтуу менен кызматкерлердин кызматтык тажрыйбасын өнүктүрүү.
Эки тараптуу жолугушууда Нарын шаарынын мэри К. Тутуев Балыкчы шаарынын тарыхына токтолуп, бул жерде Нарын шаарына да жайылтып, ишке ашыруучу тажрыйбалардын көп экенин белгилөө менен көптөгөн реформалык аракетерди кылуу үчүн шаар аралык сыналып, жакшы жыйынтыгын берген иштерди жайылтууну белгилеп, жай мезгилинде Нарын шаарындагы иштер менен таанышып кетүүгө чакырды.