Нарын шаардык мэриясы улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервин толуктоо үчүн ачык конкурс жарыялайт.


Акыркы мөөнөт:   1 марта, 2023

Нарын шаардык мэриясы улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервин толуктоо үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Нарын шаардык мэриясынын улук  кызмат оруну ( юрист 1 шт)

 

 Кесиптик билимдин деңгээли:

— Юридикалык жогорку билим (юрист).

 Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 Кесиптик компетентүүлүгү

 

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын  ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

— Кыргыз Республикасынын Эмгек, Жер, Турак жай, үй бүлө кодекстерин, «Мүлк муниципалдык менчик жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө”, “Тынч чогулуштаржөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү жана жана башка  мэриянын жалпы иштерине байланышкан ченемдик укуктук актылар менен тааныштыгы болуусу зарыл.

Нарын шаардык мэриясынын кенже административдик кызмат орду (адис 1 шт )

 

1) Кесиптик билимдин денгээли:

—  экономика жана башкаруу багыттагы жогорку билим;

—  айыл чарба багытындагы жогорку билим;

—  архитехтура, жол жана курулуш багытындагы жогорку билим;

— табият таануу илимдери багытындагы жогорку билим;

— энергетика жана электроэнергетика багытындагы жогорку билим;

— башкаруу багыттагы жогорку билим ;

— саламаттыкты сактоо багыттагы жогорку билим;

— гуманитардык багыттагы жогорку билим

— педагогикалык багыттагы жогорку;

— гуманитардык багыттагы жогорку билим, (юриспруденция)

— социалдык багыттагы жогорку билим;

—  маданият жана искусство багытындагы жогорку билим.

 

3) Кесиптик компетентүүлүгү

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелуу тармактагы мыйзамдарды:

 

Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кызматтык милдеттерди аткаруу учүн керектүү өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү ;

кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

тейлеген түзүмдүк бөлүмдүн менен натыйжалуу иш алып баруу;

жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү;

жамааттагы кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү кызматтык кырдаалдарды табуу жана чечүүгө көмөк көрсөтүү;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

Көндүмдөр:

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;

-жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо;

-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө  салууга көмөк көрсөтүү;

-мэрия тарабынан даярдалган буйрук жана токтомдордун мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргузүү;

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын өз убагында сапаттуу аткаруу;

-командада иштөө.

-Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

-Санариптик компетентүүлүк;

 

            Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын папкага көктөп тапшыруу керек:

          -өзүнүн арызы;

-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү  менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билими (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

-паспорттун көчүрмөлөрү;

Сынака катышуу учун документтер топтому Нарын шаардык мэриясында (жалпы  бөлүм) 2023-жылдын 1-мартынан 10-март саат 18:00го чейин кабыл алынат.