НАРЫН ШААРДЫК Ж.КОҢУРБАЕВА АТЫНДАГЫ БОРБОРЛОШТУРУЛГАН КИТЕПКАНАСЫНДА МАМЛЕКЕТТИК КЫРГЫЗ ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Нарын шаардык Ж. Коңурбаева атындагы борборлоштурулган китепканада 23-сентябрь Мамлекеттик кыргыз тил күнүнө карата «Тил улуттун келечеги» аталышында адабий кече болуп өттү.
Майрамдык иш чарага китепкана окурмандары, окуучулар, кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошкон ишмерлер чакырылып, окуучулар жана китепкана тарабынан даярдалган концерттик номерлерге күбө болушту.
№8 Арстанбек Буйлаш уулу жана №1 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептин окуучулары кыргыз тилин жайылтууга, өнүктүрүүгө чакырган ырларды көркөм окушуп, улуу муундун эне тилибизди таза сактоого, жайылтууга арналган акыл кептерин угушту.