НАРЫН ШААРЫНДА КӨМҮРДҮН БААСЫНА ЖАНА ТАРАЗА МЕНЕН САТЫЛЫШЫНА МОНИТОРИНГ ЖҮРДҮ

Нарын шаарынын мэринин биринчи орун басары Рахат Орозбаев, Экономика жана комерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облусу боюнча бөлүмүнүн жана экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын шаары боюнча инспектору менен бирге шаар аймагындагы көмүр саткан базаларды кыдырып, анда сатылып жаткан көмүр отунун баасына жана тараза менен сатылышына көзөмөл жүргүздү.
Көмүр саткан ишкерлерге көмүр баасын себепсиз көтөргөн жана таразага тартып сатуу боюнча түшүндүрүлдү.
Учурда Нарын шаарында 10 жерде көмүр сатылып жатат, баасы жеткирип берүү кызматы менен 5 миң сомдон бааланууда.