НАРЫН ШААРЫНЫН 155 ЖЫЛДЫГЫ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ

Нарын шаарынын 155 жылдык мааракесине карата майрамдык иш чара салтанаттуу жыйын менен башталып, жыйынга Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары, шаардын буга чейинки мезгилдерде жетектеген жарандар, жергиликтүү жашоочулар жана Ага Хан өнүктүрүү тармактарынын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлү Баркат Фазал баштаган чет өлкөлүк меймандар, Кыргызстандын башка шаарларынын жетекчилери, өнөктөш, демөөрчүлөр катышышты.
Салтанаттуу жыйын атайын даярдалган концерттик программа жана шаардын басып өткөн тарыхий жолун чагылдырган видео тасма менен коштолду.
Шаардын 155 жылдык мааракесине келген меймандар акчалай жана компьютердик техникалык белектерди тапшырышып, куттуктоолорун айтышты.