НАРЫН ШААРЫНЫН 155 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА 1983-ЖЫЛКЫ МУУН АЛЛЕЯ БЕЛЕК КЫЛДЫ

Нарын шаарына 1982-жылкы муун тарабынан салынган ынтымак аллеясын улай, шаарыбызга 1983-жылкы муун да 1 жарым млн сом каражаты жумшалган, тийиштүү шарттары менен аллея белек кылды.
Шаардын 64 аймагындагы көп кабаттуу турак жайлардын алдына салынган аллея жергиликтүү жашоочулар үчүн коопсуз, эс алуу жайы болуп калды.
Аллея аталган дөмөөрчүлөрдүн, мааракеге келген коноктордун, жергиликтүү тургундардын катышуусунда салтанаттуу ачылып, салтты улоо үчүн 1984-жылкы муунга эстафета өткөрүлүп берилди.
Калаа башчы Канболот Тутуев демилгени колдоп берген шаарыбыздын 1983-жылкы муун өкүлдөрүнө терең ыраазычылыгын билдирди.