НАРЫН ШААРЫНЫН КИРЕ БЕРИШИНДЕГИ АРКА МЫНДАН АРЫ ШААРДЫН КАРАМАГЫНДА БОЛУП, КӨРКТӨНДҮРҮЛӨТ

Нарын шаарынын кире беришиндеги Эмгекчил айыл аймагына караштуу «Кара-Бүк» участкасынын триумф аркасы турган 0,08 га жер тилкеси 15 жылдык мөөнөткө акысыз ижарага Нарын шаарынын карамагына тейлөө, жашылдандыруу жана чарба багытындагы иштерди жүргүзүп туруу багытында пайдаланууга алынды.
Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев тийиштүү жетекчилер менен бирге арканын абалы менен таанышып, оңдоп-түзөө, айланасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин тез арада жүргүзүү боюнча тапшырмасын берди.