НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫНА ОТЧЕТ БЕРИП, ИШ МАКСАТТАРЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫРДЫ

Бүгүн Нарын шаардык Кеңештин кезектеги сессиясы өтүп, анда Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев 2023-жылы аткарылган иштердин отчетунберип, 2024-жылга карата иш мерчемдери менен тааныштырды.
Өткөн жыл ичинде республикалык бюджеттин, Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин, ишкерлердин жана эл аралык донорлордун каржылоосунда шаардагы жергиликтүү маанидеги маселелер жөнгө салынып, социалдык имараттар, соода борборлор, кеңселер курулуп, ички жолдор асфальттанды. Инфраструктураны жакшыртуу багытында ар бир чөлкөмдө жөө адамдар жолдору салынып, аллеялар курулуп, массалык түрдө жашылдандыруу иштери аткарылып, шаардын аймагын тазалоо ирээтинде 28 жолу жалпы ишембилик уюштурулду.
Ал эми 2024-жылга карата ири долбоорлордон Ленин көчөсүн реконструкциялоо, Сагынбай Орозбаков көчөсүнө арыгы менен жөө адамдар жолун салуу, Шералиев көчөсүн асфальттоо, РТС аймагына көп кабаттуу турак жай жана веложол салуу, 2 орто мектептин 1 бала бакчанын типтүү имаратын куруу өндүү пландуу иштердин үстүндө аракеттер көрүлүп жатат.
Сессияда Нарын шаарынын мэри К. Тутуев жана шаардык мекеме-ишкана башчылары депутаттарды кызыктарган суроолорго жооп беришип, маалыматтарды беришти.