НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ КЫЗМАТЫНА РАХАТ ОРОЗОБАЕВ ДАЙЫНДАЛДЫ

Нарын шаарынын мэринин биринчи орун барасы Майрамбек Джунусов ден соолугуна байланыштуу, өз арызы менен кызматтан бошогондугуна байланыштуу, Нарын шаарынын мэринин биринчи орун басары кызматына Орозбаев Рахат Арзыкулович дайындалды.
Орозбаев Рахат Арзыкулович 1982-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Билими жогорку. Президенттин алдындагы башкаруу академиясында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу багытында “Менеджемент” адистигине ээ болгон. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы багытында магистратураны бүтүргөн.
Кыргыз мамлекеттик университетинин курулуш, транспорт жана архитектура факультетинде, «Информатик-экономист» адистигине ээ болгон.
Иш тажрыйбасы: 2017-жыл Нарын шаардык муниципалдык ишканасында бөлүм башчы;
2017-2011-жж Нарын шаардык мэриясынын экономика, өнөр жай, ишкердикти колдоо жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башкы адиси;
2010-2011- ж Кадастр мамлекеттик ишканасында адис;
2010-2010 -ж Бишкек шаардык жер жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын 1-котегориядагы адиси;
2007-2009-ж Нарын шаардык мэриясында социалдык бөлүмүндө жетектөөчү адис кызматтарын аркалаган.