ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАРЛЫГЫНЫН АЛКАГЫНДА ДАГЫ 7 ЖАРАНГА ЖЕР АЯНТТАРЫНЫН КЫЗЫЛ КИТЕПТЕРИ ТАПШЫРЫЛДЫ

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 17-мартындагы «Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» №21 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобонун негизинде
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобонун негизинде мунапыс объектилеринин тизмесин бекитүү жөнүндө» №01-09/90 токтомунун негизинде Нарын шаарынын аймагында көрсөтүлгөн жер аянттары Нарын шаарынын тургундарына турак жай куруу үчүн жеке менчигине бекитилип берилип, жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт, Кызыл китептерди тапшыруу иш чарасы болуп өттү.
Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев биринчи орун басары Рахат Орозбаев менен бирге шаарыбыздагы 7 жаранга кыймылсыз мүлктүн мамлекеттик актыларын салтанаттуу тапшырып, жер аянттарынын мыйзамдуу ээси болушу менен куттуктады.
Нарын шаарында КРнын жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө Мыйзамына ылайык жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссия түзүлүп жер аянттарын мыйзамдаштыруу боюнча иш алып барууда.