РТС ЧӨЛКӨМҮНДӨ АТКАРЫЛГАН ДОЛБООРЛОР ЖАНА ИШКЕ АШЫРЫЛЫП ЖАТКАН ДОЛБООРЛОР ТУУРАЛУУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАШООЧУЛАРГА МЭР КАНБОЛОТ ТУТУЕВ ОТЧЕТ БЕРДИ

Бүгүн шаардын РТС чөлкөмүнүн тургундарына буга чейин жасалган долбоорлор, тууралуу маалыматтарды берип өзгөчө РТС аймагынын ички жолдорунун асфальттанышы, парк-скверлеринин оңдолушу, ирригация тутумдарынын оңдолушу, муниципиалдык өндүрүштүк ишканынын ачылышы, мамлекеттик ипотеканын негизинде көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу аракетинин жүрүшү, 10-Жапар Чолпонбаев атындагы орто мектептин 375 орундуу жаңы имаратын куруу аракеттеринин жүрүшү тууралуу кеңири айтып берди.
Мындан сырткары шаардагы жалпы аткарылган долбоорлор менен тааныштырып, учурда жасалып жаткан иш мерчемдери тууралуу маалымат берди.
Учурда Сагынбай Орозбаков көчөсүнүн жарымын донордун жарымын түрткү берүүчү гранттык каражаттын эсебинен реконструкциялоо, Ленин көчөсүн республикалык каражаттын эсебинен реконструкциялоо, Ж. Шералиев көчөсүн асфальто, шаарда жайыт комитетин түзүү, РТС аймагына тротуар жана веложол салуу жана башка иш пландар
боюнча тийиштүү иштер аткарылып жаткандыгын айтты.