ШААРЫБЫЗДАГЫ 9 КАБАТТУУ 4 ҮЙДҮН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ 

Нарын шаарынын РТС чөлкөмүндөгү 9 миң 412 чарчы метр жерге 9 кабаттуу, 4 турак жай комплексинин курулушу башталып, бүгүн капсуласы салынды.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын негизинде «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун каржылоосунда 747 млн сомго куруулуучу турак жайдын капсуласын салуу салтанатына Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Мамлекеттик кукурулуш агентигинин башчысы Нурдан Орунтаев, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев катышышты.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын негизинде курулушу башталган турак жай комплексинде 72 бир бөлмөлүү, 72 эки бөлмөлүү, 72 үч бөлмөлүү, жалпы 216 батирден туруп, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКда электрондук кезекте турган жарандарга ипотекалык, бөлүп төлөө жолу менен сатылат.

Нарын шаардык мэриясы, Президенттин иш башкармалыгы, «Кыргыз строй сервис» мамлекеттик ишканасы, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык этабы менен каржылоо башталып, шаардык мэрия тарабынан жалданган техникалык көзөмөлдөөчү курулуш нормаларынын сакталышына көз салат.