«СОЦИАЛДЫК КЕЛИШИМ» ДОЛБООРУ МЕНЕН НАРЫН ШААРЫНДА 60 ҮЙ БҮЛӨ ИШТЕП ЖАТАТ

Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн социалдык абалын жакшыртуу максатындагы Социалдык келишим» долбоору менен Нарын шаарында 60 үй-бүлө иш баштап, тигүүчү цех, ашкана, бут кийим оңдоочу ишкана, чач тарач нан бышыруучу жай, мал чарасы, соода багыты, кондитердик азык жана башка тамак аш даядоо, ашкана ачуу, унаа оңдоо жайын иштетүү, жыгач устачылык ишканасын ачуу боюнча багыттарда ишкердик кылууну колго алышты.
Келишимдин негизинде мамлекеттен 100 миң сомдон көмөк алган жарандарга ар тараптан колдоолор көрсөтүлүп, мониторинг жасалууда. Социалдык келишим долбоору менен 2022-жылы 20 адам иш баштаса, 2023-жылы 40 жаран келишим түздү.
Нарын шаарынын мэринин биринчи орун басары Рахат Орозбаев нан даярдап сатуу багытында келишим түзгөн жарандар менен жолугушуп, бизнести түптөө аракеттеринен кабар алды.